Бишкек шаарынын Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу @ertaisfr аттуу колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Жүк ташуучу унаа кичи автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жүк ташуучу унаа оодарылып калган. Видеонун автору кырсыктан 3 киши жабыркаганын айтты.