Бишкекте 21 жаштагы жигит поезддин астында калып, көз жумду

Бишкекте темир жолдо кырсык катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 18-сентябрда саат 10:20 чамасында Бишкек-1-Бишкек-2 станциясынын 3778-чакырымында, башкача айтканда, Жаш Гвардия бульварынын Лев Толстой көчөсү менен кесилишине жакын жерде болгон. Тепловоз Аламүдүн районунун 2000-жылы туулган тургунун сүзүп кеткен. Машинисттин айтымында, ал кайра-кайра коңгуроо каккан, бирок жигит уккан эмес. 

«Алдын ала маалыматтар боюнча, анын жанынан зымсыз наушник табылган жана жигит капюшон кийип жүргөн», — деп айтылат ИИМдин маалыматында. Жаш жигит көз жумду.