Бишкекте 22 жаштагы жигитке бычак сайылган. Ал арыз жазуудан баш тартты (видео)

Кечээ, 28-июнда саат 19:00 чамасында милицияга Red Centre соода борборунун жанында жаранга бычак сайылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Жерине барган милиция уруштун айынан 2000-жылы туулган жигитке бычак сайылганын аныктаган. Аталган факты РИИБге катталган. Жаракат алган жаран ооруканага жаткырылды. Арыз жазуудан баш тарткан. Териштирүү уланууда.