Милиция кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-августта Октябрь РИИБге аял киши арыз менен кайрылган. Ал кызматкерлерден 27-августта саат 23:00 чамасында Алтын-Ордо конушунда 2003-жылы туулган жашы жете элек кызды унаада күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган жигитке чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 162-беренеси (эркине каршы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин криминалдык милициянын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жигит кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту тарабынан бөгөт чарасы каралып, СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.