Бишкекте 27 жаштагы кызды мурда сүйлөшкөн жигити ала качып кетип, 3 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине кыздын эжеси Дамира Казбекова билдирди.
Анын айтымында, кыз ал бала менен аз эле убакыт сүйлөшкөн. Ага турмушка чыгуу ою жок болчу. Учурда кыздын дагы, аны уурдап кеткен жарандын дагы телефондору өчүк болууда.
«Милиция кызматкерлери унаанын кимге катталганын аныкташты, бирок ээсин таба албай жатышат. Ала качууга катышкан балдар да табылбай жатат. Ал баланын ата-энесинин да эч нерседен кабары жок экен», — дейт эжеси.
Ал ала качууга шектелип жаткан баланын сүрөтүн бөлүшүп, көргөн-билгендер болсо, милицияга кабарлап коюуну өтүндү.

5-апрель күнү эртең мененки саат 7:00 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен жумушка бара жаткан кызды 3 бала кызыл түстөгү унаага күчтөп салып кеткен. Бул учур жакын жердеги кафенин видео байкоосуна түшүп калган. Кыздын жакындары Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан. Милициядан азырынча издөө иштеринен жыйынтык чыга электигин билдиришти.











