Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 17-октябрында саат 10:00 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Чыңгыз Айтматов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, Ажыбек Баатыр көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1940-жылы туулган жаран жабыркап, №4-шаардык ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын 1993-жылы туулган айым айдоочусун аныктап, Бишкек ШИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткиришти.