Уурдалган кызды милиция кызматкерлери ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Сверлов РИИБден билдиришти.
9-ноябрда Свердлов РИИБге аял киши арыз менен кайрылган. Ал өз арызында белгисиз адамдар оюн-зоок аянтчасында 2020-жылы туулган кызын уурдап, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча адам уурдоо боюнча кылмыш иши козголгон. 2010 жана 1998-жылы туулган жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram