Бишкекте 30 жаштагы жаран түн ортосунда үйгө кирип, андагы кыздарга ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө

15-июлда Ленин РИИБге эки кыз арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 01:00 чамасында Бердибаев көчөсүндө жайгашкан үйүнө кирип, кыздарды байкап калып, качууга аракет кылган белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган.

Ошондой эле бул жарандын бир жыл мурда да ошол эле үйгө кирип, кыздарга ыдык көрсөткөнү аныкталган. Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган жаран кармалган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө көрсөтүлгөн факты боюнча 27-берененин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомдор кабыл алынган. Ошондой эле жогорудагы адамга карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин негизинде чара көрүү максатында материалдардын көчүрмөлөрү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүп берилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан жаран кылмышка шектүү катары 3 суткага камакка алынган.