Бишкекте 33 жаштагы жаран бычактан жаракат алган. Кылмышка шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-ноябрда саат 20:17 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде «балдар урушуп, бычакташып жатат» деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда ошол эле даректе белгисиз балдар мушташып, 1988-жылы туулган жаран денесинен бычактан жаракат алгандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган жаранды аныктап, Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексининин 266-берененин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.