Кечээ, 20-декабрда Бишкекте аба ырайына байланыштуу 5 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 4 муниципалдык автобус жолдон чыгып кеткен, бир учурда жеңил унаа муниципалдык автобусту сүзгөн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
«Жеңил унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенди. Белгилей кетсек, 4 автобус эч кандай техникалык зыянга учураган эмес жана бүгүнкү күндө кадимки режимде шаардыктарды тейлеп жатат», — жазылат билдирүүдө.
Бүгүн «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын 1041 автобусу каттамда. Ошондой эле жарандар коомдук транспорттун кыймылын онлайн режиминде “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу көзөмөлдөй алышат.