Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 4 унаа катышкан жол кырсыгында 3 адам жабыркады

Бишкекте 4 унаа катышкан жол кырсыгында 3 адам жабыркады
Бишкекте 4 унаа катышкан жол кырсыгында 3 адам жабыркады. Бул тууралу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Жол кырсыгы бүгүн, 20-апрелде саат 00:41 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде болгон. Түштүк тарапка кетип бараткан Toyota Camry унаасы Mercedes-Benz менен кагышкан. Андан соң каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Porter унаасын сүзүп, Honda Terneo унаасын дагы кагып кеткен. 3 адам ооруканага жаткырылды. Бардык унаалар айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалды.  
Unknown Author