Бишкекте 1983-жылы туулган аял киши киши колдуу болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, 28-июлда болжол менен саат 21:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Жалда Тез жардам кызматы жеткенге чейин аял киши каза болуп калганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция 1983-жылы туулган аял кишинин жансыз денесин табышкан. Анын денесин кароо учурунда киши колдуу болгону аныкталган.
1991-жылы туулган жаран аныкталып, милицияга жеткирилген. Учурда тергөө уланууда.