Кечээ, 5-мартта саат 03:50 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 5-кабаттан секирип, окуя болгон жерде каза болгон аял тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге райондук милициянын жетекчилиги чыгып, маркумдун аты-жөнү такталган. Ал 1967-жылы туулган аял болгон. Бул факты Свердлов РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган. Текшерүү жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Айрым маалымат каражаттарында бешинчи кабаттан бой таштап каза болгон аял адвокат экени жазылды. Ал 2022-жылы Бишкекке Казакстандан келген, атайын кызмат кармаган казакстандык активисттердин укугун коргоп жүргөнү да маалымдалды.