Бишкекте 55 жаштагы аял киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү жигит изделип жатат

Бишкекте аял өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бирөөсү изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

1-апрелде Горький менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде денесинде жараттары менен аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал жерге милиция барып, маркумдун 1967-жылы туулган аял киши экенин, анын киши колдуу болгонун аныктаган.

Кылмышка шектелип кармалган 1968-жылы туулган жаран учурда СИЗО-1де камакта, ал эми милиция дагы бир шектүү — 1995-жылы туулган Жаныбеков Даниил Жаныбековичти издеп жатат. Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп-билгендер болсо, 0(700)-45-60-07, 0(703)- 93-20-92 жана «102» кызматына кайрылсаңыздар болот.