Бишкектин 7-кичи районунда 6-кабаттын терезесинен 6 жаштагы кыз кулап кетти. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБдин «102» кызматына 6-кабаттан кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Жерине барган милиция кызматкерлери 2019-жылы туулган кыз кулап кеткенин аныкташкан. Ал ооруканага жеткирилген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабай, алган жаракатынан каза болгон. Соттук-медициналык эскпертиза дайындалган.