Бишкекте 66 жаштагы жаранды унаа сүзүп кеткен

Бишкекте унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 6-декабрда саат 18:00 чамасында катталган. Айдоочу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен Ажыбек Баатыр көчөсүндө бара жатып, Жунусалиев көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган жөө жүргүнчү жабыркап, 5-шаардык ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.