Бишкектин Октябрь районундагы Асанбай кичи районунда жайгашкан батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Куткаруучулар эшикти ачып, 1956-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.