Бишкекте 7 жаштагы баланын жансыз денесинин муздун алдынан табылышы. Териштирүү башталды

ӨКМ маалымат таратып, Бишкекте 7 жаштагы баланын жансыз денеси муздун астынан табылганын билдирген. Окуя боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 30-январда «102» кызматына муздун алдына бала түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция фактыны тастыктаган. 2016-жылы туулган баланын жансыз денеси табылган. Кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Тергөө уланууда.