Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 18 жаштагы куруучу кулап түштү. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, аталган борборго 2002-жылы туулган жигит ички органдар травмасы, ошондой эле баш мээси чайкалган абалда келип түшкөн. Анда бейтаптын жакындары ал Бишкектин жаңы курулуп жаткан курулуш объектисинин 9-кабатынан кулап түшкөнүн айтышкан.
“Учурда бейтаптын абалы орточо оор», — деп билдиришти ооруканадан.
Ошондой эле интернет айдыңында аталган жабырлануучунун кулаган видеосу тараган. Анда социалдык тармак колдонуучулары курулуштун ээси кырсыктын болушуна куруучу өзү күнөөлүү экенин айтып, дары-дармегинин акчасын төлөп берүүдөн баш тартып жатканын жазышкан. Ошондой эле алар курулуштун ээсинин аялы башкы прокурордун орун басарынын бир тууганы экенин да айтышууда .