Бишкекте 29 жана 26 жаштагы жигиттер 2007-жылы туулган баланы унаага мажбурлап салып кетип, денесине залакат келтирип, телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-январда Ленин РИИБге баланын ата-энеси арыз жазып, белгисиз адамдар уулун 21:30дар чамасында Жал айылынын Гагарин жана Сулайман көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаага салып кеткенин айткан. Арызда баласынын денесине залакат келгенин жана баасы 15 миң сомдук Айфон 10 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алгандарын көрсөткөн. Аталган факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1996-жылы туулган Б.С., 1999-жылы туулган К.Н. аттуу шектүүлөрдү кармашкан. Шектүүлөр Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Мындан тышкары, тинтүү учурунда уюлдук телефон жана Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаалары алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда.