Бишкекте адам уурдоого шектүү кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

2023-жылдын 26-июнунда Ленин РИИБге жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Темирязев көчөсүндө өзүнүн эркине каршы Toyota Wish үлгүсүндөгү унаанын салонуна салып, Ак-Ордо конушун көздөй алып кетип, денесине залал келтирип, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан.

Аталган факты Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Т.Ы., аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилди. Кылмышка тиешеси бар калган адамдар мурда кармалып, аларга карата козголгон кылмыш иштери сотко жөнөтүлгөн.