3-сентябрга караган түнү Садырбаев-Валдайская көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүмгө кол салуу болгон. Аны сабап, унаага салып, белгисиз жакка алып кетишкен.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 5-сентябрда билдиргендей, бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен катталган. Кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Э.Э., 2004-жылы туулган Т.Д., 2004-жылы туулган Б.К., 2000-жылы туулган М.Б., 2000-жылы туулган К.Н., 2005-жылы туулган К.Н., 2004-жылы туулган Н.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.