Бишкекте адам уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга жаран кайрылып, 13-апрелге караган түнү бейтааныш адам экөөнүн ортосунда чыр чыгыкканын, аны күч менен Хонда Фит үлгүсүндөгү унаага салып, Жамгырчинов жана Месарош көчөлөрүнүн кесилишине алып барышканын билдирген. Ал жерден аны ур-токмокко алып, бычак менен коркутуп, 6 миң сом акчасы, Редми 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана паспортун алып кетишкенин айткан.
Аталган факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2004, 2005 жана 1998-жылы туулган жарандар кармалган. Тергөө уланууда.