Бишкекте айдоочу 5 жашар баланы сүзүп, жардам көрсөтпөй из жашырган (видео)

Бишкекте айдоочу 5 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 2-мартта саат 08:30 чамасында катталган. Айдоочу Өмүракунов көчөсүндө бара жатып, 2018-жылы туулган баланы сүзүп кеткен. Бала ооруканага кайрылган. Кылмышка шектүү катары Хонда Фит унаасынын айдоочусу аныкталып, тергөө бөлүмүнө жеткирип берилди.