Бишкекте айдоочу аялдамада тургандарды сүзүп кетип, бала көтөрүп турган келин ооруканага жеткирилди

Бүгүн, 29-мартта саат 10:00 чамасында Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районунда Ауди үлгүсүндөгү унаанын  айдоочусу рулду башкара албай калып, адамдар турган аялдаманы сүзүп токтогон. Бул тууралуу Патрулдук милициядан маалымдашты.

Кырсыктын кесепетинен бала көтөрүп турган келин «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилди. Мындан тышкары бир эркек киши жабыркаган.