Бишкекте айдоочу «Бишкек суу каналдын» 2 кызматкерин сүзүп кетти

Бишкекте бүгүн, 7-майда саат 10:30да Виноградная жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде Шаардык муз тебүүчү аянттын каршысында «Бишкек суу канал» башкармалыгынын эки кызматкерин сүзүп кетишкен.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бригада көчөдөгү канализацияны тазалап жатышкан. Бул учурда эки кызматкерди унаа сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге тез жардам жана патрулдук милиция чакырылган. Жабыркагандар Тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Мэрия кызматкерлер жолдун четинде, атайын кийимдер менен иш алып барып жатканын айтышты.