Бишкекте айдоочулардын ортосунда мушташ чыкканын милициядан билдиришти.
Окуя 27-августта Жибек Жолу менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Арыздануучунун айтымында, аны Тойота Камри унаасынын айдоочусу сабап салган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталган. 1987-жылы туулган жаран милицияга жеткирилди. Ал алардын ортосунда кайым айтышуу болгонун билдирген.








