Бишкекте айдоочу милициянын кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кетти

Бишкекте айдоочу жол тыгынын жөнгө салып турган милициянын кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя Чыңгыз Айтматов менен Жаманбаев кочөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол тыгынын жөнгө салып турган милициянын кайгуул кызматкерин Тoyota Vitz үлгүсүндөгү унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Болжол менен ал такси кызматында иштейт жана мамлекеттик номуру Орусияныкы экендиги айтылууда. Жол кырсыгынан кайгуул кызматкери жабыркап ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда кайгуул кызматкерлери тарабынан качып кеткен айдоочуну табуу иштери жүрүп жатат.