Бишкекте Honda CRV машинасынын айдоочусу таксинин терезесин күрөк менен талкалап салды. Видеону жарандык активист Болот Ибрагимов жарыялаган.
Видеодон «колуңдагыны ташта, эркек болсоң чабышабыз» деп кыйкырган үндү угууга болот. Милициянын кайгуул кызматы азырынча окуя боюнча маалымат бере элек.