Бишкекте жол кырсыгы катталганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 21-январда саат 09:30 чамасында BMW унаасынын айдоочусу 7-апрель көчөсүндө кетип бара жатып, Путепроводная көчөсү менен кесилишкен жерге келгенде унаага ээ боло албай калып, Хонда Цивик унаасын сүзүп, андан кийин жол четиндеги тосмону бузуп кеткен.
Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кырсык болгон учурда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Унаалар убактылуу токтотуучу жайга коюлуп, бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram