Бишкекте алдамчылык жол менен автоунааларга ээлик кылып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылдын 14-октябрында Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш адамга чара көрүп берүүнү суранган.
«Ал адам 2020-жылдын 18-январында жабырлануучунун 5 миң долларлык Toyota ist унаасын сатып берүүнү убада кылып, алып кетип ошол бойдон таптырбай кеткен. Бул факт Ленин РИИБинде «Алдамчылык» беренеси менен катталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында Ж.С. аттуу шектүү кармалып, 1-Тергөө абагына бир айга камалды», — дешет милициядан.
Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүү мындай жоруктарды борбор калаада эле эмес, өлкөнүн башка аймактарында да жасап жүргөн.
Эгерде сүрөттөгү адамдан жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0709-92 15 01, 0500-40 40 60 жана 102.