Бишкектеги иш-чарада аял кишини микрофон менен чаап жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
“Аталган факты ресторандын администраторунун арызынын негизинде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Азыр милиция кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган И.И. аттуу жаран аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык административдик камакка алынган. Соттун чечими чыкканга чейин ал райондук башкармалыктын убактылуу камерасында кармалууда”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда иш-чарада эркек кишинин аял кишини микрофон менен чаап жиберген видеосу тараган. Видеодон костюм шым, калпак кийген кишинин алгач эркек кишини чапканын көрүүгө болот. Андан кийин “Мырзалар, келгиле жардамга” деген аял кишиге да кол көтөргөн.
Видеодогу жарандын өзүн блогер деп атаган Илимбек Исраилов экенин жазып жатышкан. Көп өтпөй эле Илимбек Исраилов социалдык тармактагы баракчасына кечирим сураган видео жүктөгөн.