Бишкек шаардык сотунда апасын коргоо үчүн мас кишиге бычак сайган өспүрүмдүн бөгөт чарасы каралат. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, Ленин райондук сотунун чечимине каршы даттануу болгон.
Соттук отурум 1-июнга белгиленген.
- 14-майда саат 16:40 чамасында милицияга Рыскулов көчөсүндө бычактан жаракат алган эркек кишинин жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуяда мас абалындагы эркек киши менен мейманкананын администратору уруша кеткендиги, администратордун уулу апасын коргоо максатында бычак алып чыкканы, жаран ага карай чуркап, бычак анын курсак тушуна сайылганы аныкталган. Ал хирургиялык борборго жеткирилип, операция жасалган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2005-жылы туулган өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен 1 ай камакта калтырылган.