Бишкекте апасын коргоо үчүн мас кишиге бычак сайган өспүрүм үй камагына чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 30-майда Ленин райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыккан.
- 14-майда саат 16:40 чамасында милицияга Рыскулов көчөсүндө бычактан жаракат алган эркек кишинин жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуяда мас абалындагы эркек киши менен мейманкананын администратору уруша кеткендиги, администратордун уулу апасын коргоо максатында бычак алып чыкканы, жаран ага карай чуркап, бычак анын курсак тушуна сайылганы аныкталган. Ал хирургиялык борборго жеткирилип, операция жасалган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2005-жылы туулган өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен 1 ай камакта калтырылган.












