Бишкекте форма кийип, асманга ок чыгарган жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 121-беренеси (калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 12-ноябрда саат 03:00 чамасында Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишине жакын жерде жүргөн жаран белгисиз үлгүдөгү тапанчадан асманга ок чыгарганы аныкталган. Бүгүн, 24-ноябрда издөө иштеринин натыйжасында, 2002-жылы туулган жаран кармалып, Ленин РИИБге жеткирилди. Тергөө уланууда.












