Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
5-октябрда жаран Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан авиакассаларынын биринин кызматкерлерине чара көрүү арызы менен милицияга кайрылган. Анда ушул эле жылдын 14-март күнү алар Бишкек-Эдинбург авиакаттамына эки тарапка авиабилетти 69 миң 613 сомго сатышканы айтылган. Эдинбургдан кайра Бишкекке учуп келүүсүндө авиакасса тарабынан кайтуу билети жокко чыгарылган. Кайрадан 46 миң 613 сомго авиабилет сатып алууга аргасыз болгон.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын 1987-жылы туулган жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.