Бишкекте №52 каттамдагы автобус окуучу кызды сүзүп кеткен видео жарыяланды.
Маалыматка караганда, кырсык 3-мартта саат 14:10до Бишкектеги 12-кичи райондо катталган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, кыз жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан.
Жерине барган Тез жардам кызматы кызды алып кеткен жана ооруканага жаткырылган. Милициянын кайгуул кызматы жеринде кызматкерлер иштеп жатканын, кыз болжолдуу 13-14 жашта экенин, аты-жөнү такталып жатканын билдирди.











