«Бишкекте автобус жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп кетти» деген видео тараган. Кырсык боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришип, кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын билдиришти.
«7-октябрда саат 10:00 чамасында 1964-жылы туулган автобус айдоочу болжол менен 18-20 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Териштирүү иштери башталды. Автобус айып короого киргизилди. Тергөө уланууда», — дешкен.
Бишкек ШИИБ маалымат таратып, 2006-жылы туулган кыз алган жаракатынан улам каза болгонун билдирди.