Бишкекте автобустун жол кырсыкка кабылышы. Кырсыктан 21 адам жабыркады

Бишкекте автобустун катышуусундагы кырсыктан жабыркагандардын саны 21 адамга жетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шаардык клиникалык балдар ооруканасына тогуз бала кайрылган, алар дарыгердин көзөмөлүнөн өткөн соң, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Бишкек шаардык илимий изилдөө борборуна 12 адам кайрылган. Алардын ичинен төрт жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен травматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы канааттандырарлык. Дагы экөөсү сыныктары менен реанимацияда, абалы орточо оор. Калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деп белгилешти министрликтен.