Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылып, козголгон кылмыш ишин кыскартуу максатында 10 миң сом сунуштап жатканын айткан.
«14-май күнү 1960-жылы туулган жаран Бишкек шаарынын Тергөө кызматынын бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 10 миң сом акча берип жаткан жеринен кармалган. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон»,— деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram