Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-январда милицияга аял киши кайрылып, баласы менен тарбиячы болуп иштеп, 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын март айына чейин анын батирине эркин кирип, 600 долларлык капчыгын, 18 миң рубль акчасын жана 18 караттык бриллиант шакекти уурдап кеткен. Ошентип жалпысынан 2 миң 100 доллар зыян келтирилген.
Аталган факты каттоого алынган. Кылмышка шектүү катары аял киши кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.