Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте аялдамада турган унааны айдап качкан шектүү кармалды

Бишкекте аялдамада турган унааны айдап качкан шектүү кармалды
Унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 10-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда 11-декабрга караган түнү борбор калаанын Улан-2 кичи районунун аялдамасында токтоп турган Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кетишкенин билдирген. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 211-беренесине (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 1992-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.