Социалдык тармактарда Бишкекте аялды сабап жаткан эркек кишинин видеосу тараган. Видеонун авторунун айтымында, окуя Абдрахманов көчөсүндө болгон.
Октябрь РИИБден окуя боюнча маалымат беришти. «8-августта интернетте Байтик Баатыр менен Медеров көчөсүнүн кесилишинде аялга күч колдонуп жаткан кишинин видеосу тараган. Аталган факты Октябрь РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган. Милиция тарабынан бөлүмгө 1987-жылы туулган киши менен 1986-жылы туулган аял жеткирилди. Окуянын чоо-жайы аныкталып жатат. Териштирүү уланууда», — дешти.