Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
5-ноябрда милицияга Ботаникалык бакта 50-60 жаштагы аялдын жансыз денеси жаткандагы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды. Тергөө уланууда.