Бишкекте аялын ур-токмокко алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-январда саат 02:00 чамасында Ленин РИИБге аял кайрылып, жолдошу тарабынан сабалганын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жаран үй-бүлөлүк зомбулук аракеттери үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.