Бүгүн, 23-январда, Бишкектин 5-кичи районунда азык-түлүк дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт №47 үйүнүн жанындагы азык-түлүк дүкөнүндө түнкү саат 02:42 чамасында башталган. Анда 50 чарчы метр аянт жана 11 даана муздаткыч күйүп кеткен. “Өрт электр жабдыктарын туура эмес орнотуудан улам келип чыккан”, — деп жазылат маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган, жабыркагандар болгон жок. Тилсиз жоо саат 04:30да толук түрдө өчүрүлгөн.