Abank
SerepTV Logo

Бишкекте баңгизат таратууга шектүү кармалды (видео)

Бишкекте баңгизат таратууга шектүү кармалды (видео)
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 8-февралда милиция кызматкерлерине борбор калаада белгисиз адам ооган тектүү баңгизатын таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголду. Подольский менен Семетей көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалган. Тинтүү учурунда лентага оролгон кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат, түсү тунук целлофан табылып алынган заттын таңгагы менен бирге салмагы 1 килограмм 100 граммды түзгөн. Тиешелүү экспертиза дайындалып, изилдөө үчүн берилген заттар баңгизаты: кара куурай чайыры «гашиш» экендиги аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкектин Ленин райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек ?? (@guvd_bishkek)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизди

05:04 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026