Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте баңгизатты момпосуйдун таңгагына ороп сатып жүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкекте баңгизатты момпосуйдун таңгагына ороп сатып жүргөн шектүүлөр кармалды
Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.  Баңгизат менен күрөшкөндөр баңги жана психотроптук заттарды таратуу менен алектенген Telegram-канал тууралуу маалымат алышкан. Социалдык тармактар ​​аркылуу иш алып баруу учурунда милиция кызматкерлери тыюу салынган заттарды сатуу фактыларын тастыктаган далилдерди чогултушкан. 9-июль күнү кечинде 1998-жылы туулган жаран кармалган. Ал куратор болгон. Андан 9 момпосуй аныкталган, анын ичине афган чаарлары (гашиш) катылган. Мындан тышкары, кармалган адам баңгизат катылган жерлерди көрсөткөн. 20-август күнү 1997-жылы туулган жаран кармалды. Ал таңгакчы деп шектелүүдө. Анын үйүнөн салмагы 2 килограмм 633 граммды түзгөн гашиш табылган.