Бишкекте башка бирөөнүн батирлерин сатып жиберген шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, арыз менен алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жаран кайрылган. Шектүү жабырлануучуга Бишкек шаарынан имарат таап берүүнү убадалап, жалпы суммасы 190 миң АКШ доллары турган “Южный” комплексиндеги батирлерин ээлеп алган.
Андан соң аны үчүнчү жактарга сатып жиберген. Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары 1970-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.








