Бишкекте биологиялык активдүү кошулмаларды жашыруун жасаган цех аныкталды (видео)

Кечээ, 25-февраль күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы биологиялык активдүү кошулмалардын (БАД) түрлөрүн уруксат берүүчү документтери жок даярдаган жер астындагы цехти аныктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы Донской тилкесиндеги цехте чет мамлекеттин жарандары биологиялык активдүү кошулмаларды «Омега-3-6-9», «зире майы», «зайтун майы» жана башка түрлөрү антисанитардык шарттарда жасашчу.

Учурда бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин мыйзамсыз ишкерлик беренесинин негизинде катталып, мыйзамсыз делип аныкталган товарлар  экспертизага жөнөтүлдү.